Таластагы "Kerben Palace" мейманканасынын имараты мамлекетке өттү

Талас шаарынын борборундагы "Kerben Palace" мейманканасы пайдаланып келген имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, имараттын аянты 0,52 гектарды түзөт. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында Талас облустук административдик соту тарабынан жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын токтомун жараксыз деп табуу чечими чыгарылган.
Буга байланыштуу аталган мейманкананын өкүлдөрү жер мыйзамдарынын бузулушун моюнга алып, административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Таластагы бөлүмүнө арыз менен кайрылууну чечишкен.
Мекемеден маалымдашкандай, учурда административдик имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан