11-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жолугушууда ӨКМ жетекчиси Швейцария элчисинин Кыргызстанда өз миссиясын аткаруу мезгилинде кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштерине көрсөткөн жардамдарын жогору баалап, табигый-техногендик апааттардын тобокелдигин азайтууга кошкон салымына ыраазычылык билдирди. Муну менен катар министр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы ар тараптуу кызматташтык дайыма чыңдалып турарына ишеничин билдирип, эки өлкө аралык мамилелерди жана өз ара кызыкчылыкты ийгиликтүү улантуунун маанисин белгиледи.
Өз кезегинде элчи Оливье Бангертер анын дипломатиялык миссиясын ишке ашырууга ар дайым колдоп келгендиги үчүн кыргыз тараптка ыраазычылыгын билдирди.