Нурланбек Тургунбек уулу Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушту

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жолугушуу Астана шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттерине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагында болду. Жолугушууга ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, аталган ассамблеянын кезектеги жыйыны быйыл Казакстанда өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан