Иштебеген жана окуу жайларда окубаган мигранттар, ошондой эле манжа изи көзөмөлүнөн өтпөгөн же орус тилин билбегендер Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев билдирди. Анын кайрылуусун министрликтин өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
"Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар болбошу керек. Жумушсуз калгандар, университеттен четтетилгендер, манжа изи көзөмөлүнөн өтпөгөндөр, тил үйрөнбөй жаткандар жана орус коомуна эч кандай пайдасы жок мигранттар биздин өлкөдөн чыгып кетиши керек",- деди Колокольцев.
Ички иштер министрлигинин башчысы мигранттар арасындагы кылмыштуулукка каршы системдүү чараларды көрүү кажет экендигин айтып, андай иштер коомчулукка жарыяланышы керектигин баса белгиледи.
Министр үчүнчү зарыл чара катары миграция бөлүмдөрүндөгү кезек күтүүлөрдөн арылууну атады. Документтерди өз учурунда жасатып, тартипсиздикке жол бербөө маанилүү экендигин кошумчалады.
Айта кетсек, Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштыруунун жаңы толкуну 2024-жылдын жазында башталды. Быйыл көзөмөлгө алынган адамдардын реестри иштей баштады. Ал жерге Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер тууралуу маалыматтар киргизилет.
Ал эми апрель айынан бери мигранттардын балдары мектепке кабыл алынганга чейин орус тилин билүү боюнча сынактан өтүшкөн. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруунун өзгөчө режими киргизилип, мыйзамсыз мигранттарга кирүүдө жана аларга кызмат көрсөтүүдө укук бузуулар үчүн айып пулдар белгиленген.
Көбүнчө Орусияга КМШ өлкөлөрүнөн барышат. 2024-жылы Тажикстандан 128 миң, Өзбекстандан 107 миң, Кыргызстандан 105 миң адам барган. Миграциялык саясат катаалдангандан кийин аталган өлкөлөр өз жарандарынын укугу тебеленип жатканын байма-бай айтып келишет.