Индияда кыйраган учактын куйрук бөлүгү турак жайга кулап түштү. Ал дарыгерлердин жатаканасы болгонун чет элдик басылмалар билдиришүүдө.
Полиция жергиликтүү тургундар арасында курмандыктар болушу мүмкүн экендигин билдирип, маалыматтар такталып жаткандыгын кошумчалады.
Ошондой эле учакта Гуджарат шаарынын мурдагы башчысы Вижай Рупани болушу мүмкүн деп жазышууда. Учурда анын абалы тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Учурда Boeing 787 Dreamliner учагы учуп чыккан аэропорт жабык. Кырсыкка учураган учак он жылдан ашык иштеген – анын биринчи учуусу 2013-жылы болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Индиянын Ахмедабад шаарындагы аэропортко жакын жерде Air India компаниясына таандык Boeing 787 учагы кыйраган. Учактын ичинде жалпы 242 жүргүнчү болгон, алдын ала маалыматтарда 130дан ашуун адам каза болгону айтылууда.