
Бишкекте өткөн футбол беттешинде майып баланын бут кийиминин боосун байлап, камкордук көрсөткөн милиция кызматкери сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ал Свердлов райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкери Жакшылык Нурланбеков экени аныкталды.
"Жарандардын ыраазычылык билдирүүлөрүн жана жылуу пикирлерин эске алуу менен Күзөт кызматынын башчысы Тариел Абитов Нурланбековго ыраазычылыгын билдирип, кызматындагы жоопкерчиликтүүлүгү жана адамкерчиликтүү мамилеси үчүн Ардак грамота менен сыйлады",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, кечээ, 11-июнда интернет колдонуучусу мүмкүнчүлүгү чектелген балага жардам берген милиция кызматкерине ыраазычылыгын билдирип, сүрөтүн
жарыялаган. Коомчулук анын бул мамилесине жылуу пикрилерин билдиришти.