Милиция бир нече унаа катышкан жол кырсыгы боюнча маалымат берди

Бүгүн, 13-июнда интернет желесинде Бишкекте бир нече унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат тараган. Анда эки оор жүк ташуучу унаа, кичи автобус жана бир нече жеңил унаалар сүзүшүп алганы маалымдалган.

Милициянын Кайгуул кызматы аталган жол кырсыгы 13-июнда саат 10:00 чамасында катталып, бир адам жаракат алганын билдирди.

Билдирүүгө караганда, Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын 40 жаштагы айдоочусу Масалиев проспектиси боюнча батышты карай бара жатып, жөө жүргүнчүнү өткөрүү үчүн токтогон. Ал учурда артынан келе жаткан Honda Fit, Hyundai Terracan, Hyundai Sonata, Volkswagen Crafter жана жүк ташуучу Howo унаалары бири-бири менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен бир адам медициналык мекемеге жеткирилди. Унаалар айып жайына токтотулуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

13.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан