Кара-Кулжада келиндин өлүмү: Блогер Бауржан Абдумаликов кармалды

Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинге карата айыптоо сөздөрүн айткан Инстаграм социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бауыржан Абдумаликов кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы бүгүн, 13-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

38 жаштагы шектүү Кыргызстан–Казакстан “Ак-Жол” чек ара көзөмөл пунктунан кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Буга чейин аталган жаранды камакка алуу боюнча коомчулукта кол топтолуп жаткан.

13.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан