Чүйдө жарандын үйүн алдап алып, башкага сатып жиберген жаран кармалды

Аламүдүн райондук милициясы тарабынан кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Буга чейин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1961-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну жаран Т.А. кайрылган. Ал өз арызында жаран Э.Б. ишенимге кирип, Көк-Жар айылындагы анын үйүн алдамчылык жол менен алып, кийин сатып жибергенин билдирген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБи тарабынан катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жаран кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, жаран Э.Б. ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына дагы тиешеси болушу мүмкүн. Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча бардык жагдайларды аныктоо максатында тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Милиция жарандарга кайрылып, эгерде кимдир-бирөө жаран Э.Б. тарабынан жасалган алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же Аламүдүн райондук ИИБге төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууларын суранат: (0312) 36-35-23; (0312) 36-35-27.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2025-06-16 14:31:00
сакалын менен жерге кир!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан