Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дара жайлоосунда калып калган португалиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ кечээ, 16-июнда анын мотоциклинин дөңгөлөгү жарылып тоодо калып калганы тууралуу маалымат түшкөнүн белгиледи. Дароо куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине 3 куткаруучу жөнөтүгөн. Алар аталган жаранды мотоцикли менен тоодон түшүрүп, Ош шаарындагы мейманканага жайгаштырган.
Министрлик туристтин абалы туруктуу экенин кошумчалады.