Украина президенти Владимир Зеленский менен АКШнын лидери Дональд Трамптын Канададагы жолугушуусу болбой калганын Die Presse басылмасы жазды.
Басылма муну Трамптын чоң жетилик (G7) саммитинен эрте кеткендигине байланыштуу экенин белгиледи. Зеленский саммитке конок катары чакырылган.
Буга чейин Ак үй Трамп Зеленский менен жолугарын маалымдалган. Бирок Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Канададагы G7 саммитинен эрте чыгып, АКШга кайтып кеткени айтылды.
Айта кетсек, чоң жетиликке Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония кирет.