Америкалык ишкер Илон Маск 13-июнда тапшырган баңгизатка каршы анализдин жыйынтыгын коомчулукка жарыялады. Ал анализдин сүрөтүн өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына жүктөп, жөн гана "lol" (каткырып күлдүм) деген кыска белги калтырган.
Анализдер кокаин, кетамин, амфетамин жана башка психоактивдүү заттарга берилген. Бардык көрсөткүчтөр терс болуп чыккан, башкача айтканда, Масктын организминен баңгизат табылган эмес.
Буга чейин The New York Times басылмасы, Илон Маск акыркы жылдары кетамин, экстази жана псилоцибин сыяктуу психоактивдүү заттарды көп колдонуп жүргөнүн маалымдаган. Бирок Масктын өзү буга чейин кетаминди дарыгерлер депрессияны дарылоо үчүн жазып бергенин айтып, баңгизат колдонгону тууралуу дооматтарды четке каккан.
Буга чейин Дон Лемон менен болгон маегинде Маск кетамин депрессия менен күрөшүүдө пайдалуу экенин белгилеген. Ошондой эле мындай маселелер адамдын жеке жашоосуна тиешелүү экенин да кошумчалаган.