Трамптын Байденге "окшошуп бара жатканы" айтылууда

АКШ президенти Дональд Трамп Америка жаңы аскердик жаңжалга аралашканы үчүн акырындап мурунку президент Жо Байденге окшошуп баратат. Бул тууралуу Улуу Британия парламентинин мурунку депутаты Жордж Галлоуэй билдирди.

Анын айтымында, мындай жыйынтыкка эки америкалык лидердин тең чыныгы болуп жаткан окуялардан кабары жок экендиги себеп болууда.

Галлоуэй Трамп өзүнүн кеңешчилери жана администрациясы берген маалыматтарга көңүл бурбай, тескерисинче, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга көбүрөөк ишене турганын билдирген.

"Мен Трамптын Жо Байденге окшоп баратканынан корком",- деп белгиледи саясатчы.

Галлоуэй Трамп Ирандагы абалды толук биле турганын укканын айтты. Ал эми ЦРУнун мурунку кызматкери Ларри Жонсон Трампка Ирандын кайсы куралдарга ээ экендиги боюнча такталган маалыматтар берилбей жатканын белгиледи.

Аналитиктин айтымында, америкалык лидер АКШнын аскерлери Израил армиясы менен биргеликте Ирандан күчтүү экенине ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан