Биз BakAi Чатты ишке киргиздик — бул бүгүндөн баштап мобилдик банкингди өзгөрткөн жаңылык!

BakAi бир колдонмого баарлашууну жана акча которууну бириктирип, байланышты жаңы деңгээлге чыгарууда! Эми сиз билдирүүлөрдү, стикерлерди жана акчаны тез, оңой жана ыңгайлуу шартта жөнөтө аласыз.

Чаттагы каржылык операциялар – оңой жана натыйжалуу

BakAi Чат менен төмөнкүлөрдү ишке ашыра аласыз:

  • Достор жана жакындарыңыз менен тексттик билдирүүлөр жана түрдүү стикерлердин жардамында баарлаша аласыз;
  • Чаттын өзүндө эле акча жөнөтүп жана башкалардан сурай аласыз, бул үчүн кайсы бир тиркемелерге өтүүгө муктаждык жок жана кармалуулар болбойт;
  • Карыздарды кайтаруу күнүндө эскертүү берүүлөрдү орнотуу;
  • Ар бир контакт менен төлөмдөрдүн тарыхчасын көрө аласыз – баары бир экранда.

Купуялуулук жана коопсуздук – биздин приоритет

BakAi Чаттагы бардык кат алмашуулар жана акча которуулар коопсуздуктун эң жогорку стандарттары боюнча корголуп, сиздин жеке маалыматтарыңыздын сакталышына толук кепилдик берет.

Болгону баштаңыз – колдонуу ыңгайлуу

BakAi Чат BakAi тиркемесинин бардык колдонуучуларына жеткиликтүү. Болгону тиркемени акыркы версиясына жаңылап, чат бөлүмүн ачыңыз. Ыңгайлуу жана түшүнүктүү интерфейс жайлуу баарлашуу менен каржылык операцияларды дароо ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

BakAi Чат менен төмөнкү артыкчылыктарга ээ болосуз:

  • Универсалдуулук: баарлашуу менен каржы бир тикемеде – сервистен сервиске өтүүнү унутуңуз;
  • Коопсуздук: Заманбап шифрлөө технологиялары маалыматтарыңыздын ишенимдүү корголушуна кепилдик берет;
  • Ыңгайлуулук: керектүүнүн баары бир жерде, эч кандай ашыкча кадамдарды жасабайсыз жана күтпөйсүз.

BakAi Bank сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн банктык кызматтар менен күнүмдүк байланыштын айкалышкан санариптик экосистемасын түзүүгө карай маанилүү кадам таштоодо. Биз банк менен ар бир байланышты жөнөкөй, тез жана болушунча ыңгайлуу кылганга умтулабыз!

Тиркемени жүктөп/акыркы (нужно вшить ссылку https://bakai.app/app/chat) версиясына жаңылап, BakAi Чаттын бардык ынгайлуулуктарын бүгүндөн баштап колдонуңуз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан