Иран Хайфа менен Тель-Авивдеги буталарга сокку урду

Иран Израилдин Хайфа жана Тель-Авив шаарларындагы аскердик объекттерге жана аскердик өнөр жай менен байланышкан өнөр жай борборлоруна сокку урду.

Бул тууралуу кечээ, 19-июнда IRIB телеканалы Ирандын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Белгиленгендей, Тегеран Израилге сокку уруунун жаңы толкуну учурунда Хайфа жана Тель-Авивдеги ракетага каршы системдерди жок кылуу үчүн 100дөн ашуун учкучсуз учактарды колдонгон. Иран армиясы ошондой эле Израилдин аскердик буталарына жана аскердик өнөр жайына каршы ракеталык операцияларды көбөйтүүгө ниеттенип жатканын баса белгилеген.

Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Эки тараптуу чабуулдар дагы деле уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан