Талас облусунда жайыт жерлерине мыйзамсыз турак жай куруп алгандар аныкталды. Бул тууралуу 20-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Айтматов районуна караштуу Кара-Буура айыл аймагынын 7 тургуну жайыт, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз түрдө турак жай жана короо-сарай куруп алышканын аныктады. Алардын курулушка тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экени маалым болду.
Бул факт боюнча текшерүү актылары түзүлүп, административдик айып пулдар салынды. Материалдар мындан ары чара көрүү үчүн Айтматов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.