Израилдеги Microsoft кеңсеси Ирандын ракеталык соккусуна кабылды (видео)

Иран Израилдеги Microsoft компаниясынын кеңсесине ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазышууда.

Тегеран америкалык IT компаниянын кеңсесин атайын бутага алганбы же кокустукпу, белгисиз. Бирок ракеталардын бири Беэр-Шева шаарындагы Microsoft имаратынын так жанында жарылган. Ракета кеңсенин жанындагы унаа токтотуучу жайга түшкөнү айтылат. Ал жерде токтоп турган дээрлик бардык унаалар бир заматта күйүп кеткен жана имарат дагы жабыркаган.

Жергиликтүү бийлик кеминде 18 жабырлануучу бар экенин билдирүүдө. Адамдар айнектин сыныктарынан жаракат алышкан. Жардыруу толкунунан компания имаратынан тышкары ага жакын жайгашкан үйлөр да жабыркаган.

20.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан