Израил Тегерандагы ооруканага сокку урду

Тегерандагы ооруканалардын бирине Израилден ракеталык сокку урулду. Бул тууралуу 20-июнда Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Хоссейн Керманпур билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

"Тегерандагы дагы бир ооруканага Израилдин ракеталары менен кол салуу болду. Бул - чабуулга кабылган үчүнчү оорукана",- деп билдирди министрликтин өкүлү.

Израил армиясы мындан тышкары, 6 "Тез жардам" унаасына жана 1 ден соолукту чыңдоо борборуна сокку ургандыгы белгиленди.

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатеме Мохажерани 17-июнда билдиргендей, Израил армиясынын Иранга жасаган чабуулунан кеминде 120 аял жана бала жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан