Суусамырда жол кырсыгынан 4 адам каза тапты (видео)

Суусамырда катталган жол кырсыгынан 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июнда саат болжол менен 06:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 170-чакырымынан Honda Fit үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып оор жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Натыйжада жеңил унаадагы төрт адам каза тапты.

Башкармалык каза болгондор кимдер экендиги такталып жатканын белгиледи. Учурда Жайыл райондук милициясынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барышууда.

20.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан