Жети-Өгүз районунун Жеңиш айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы Жеңиш айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары 5 гектар жерди Жети-Өгүз районунун жашоочусунун жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталды. Бирок жеке менчикке өткөн учурда жана бүгүнкү күнгө чейин бул тилкеде аны өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес.
Жер тилкесинин менчик ээси мыйзамсыз экенин түшүнүп, 5 гектар жерди Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.
Учурда УКМК тарабынан бул окуяга катышы бар Жети-Өгүз районунан жооптуу адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.