Иран аба мейкиндигин жабууну 21-июнга чейин узартты

Иран бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигин жабуу чечимин 21-июнга чейин узартты. Бул тууралуу 20-июнда Иран Ислам Республикасынын Жол жана шаар курулуш министрлигинин өкүлү Мажид Ахаван билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлады.

"Акыркы окуяларга байланыштуу жана жүргүнчүлөрдүн жана каттамдардын коопсуздугу үчүн өлкөнүн аба мейкиндиги ишемби күнү саат 02:00гө чейин жабылат", - деп белгиленди маалыматта.

Ахаван белгилегендей, чектөөлөр кырдаал нормалдашмайынча күчүндө кала берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан