Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 21-июнда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Анда Чолпон-Атада чоң жыйын өткөрүп, эс алуучу жайлардын өкүлдөрүн, жергиликтүү бийликти чогултту.
Анда аймактагы эс алуучу жайларга барчу жолдордун көпчүлүгү жасалбай чаңып жаткандыгын айтып, жөө адамдар үчүн тротуар да салынбаганына токтолду. Ошондой эле айыл өкмөттөрдүн ишин сынга алып, катуу зекиди.
Бул аралыкта Курорт Сары-Ой көчөсүндөгү белгилүү пансионаттарга кеткен, жолдун ортосундагы айланма жолдун тегереги сынга алынып, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө 5 жылдан бери башчы болуп отурган Уланбек Абдырахманов жемеге калды. Ал 152 миллион бюджети бар айыл өкмөтү экендигин айтып, 10 түп бак дарак менен 100 даана гүлдүн көчөтү үчүн 1,5 миллион кете тургандыгын билдирди. Бирок бул сунуш Ташиевге жаккан жок. Ал айыл өкмөттүн башчысын катуу урушуп, ал жерге 50-60 миң сом кете тургандыгын белгиледи.
Айта кетсек, атайын кызматтын башчысы кечээ, 21-июнда өткөн жыйындын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аймактагы жасала турган жумуштар сентябрь айына чейин бүтүшү керектигин эскертти.