Ташиев: "Жалал-Абадга эле көңүл бурулуп жатыптыр дебегиле"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев Жалал-Абад менен Ысык-Көлгө гана көңүл бурулуп жатат деген кептерге жооп берди.

"Быйыл Жалал-Абадда 10 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшалып жатса, Ошко 20 миллиарддай жумшалып жатат. Муну айтып коёюн. "Баары эле Жалал-Абадга түшүп жатыптыр" дебегиле. Ош шаарынын ички жолдорун оңдоого дагы 2 миллиард сом бөлүндү. Баткенге 7-8 миллиард сом бөлүндү. Ысык-Көлгө 5-6 миллиард, Таласка 2 миллиард, Нарынга 2 миллиард, Чүйгө 10 миллиарддын тегерегинде бөлүндү", - деди ал 22-июнда Жалал-Абад шаарында спорт сарайынын курулушун баштоо аземинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан