Улуттук илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталды (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Улуттук илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат академиянын мамлекет тарабынан ыкчам башкарууга берилген кыймылсыз мүлктөрүн пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн, натыйжада имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталганын белгиледи.

Академиянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алып келишкен. УКМК бул боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы аныкталды.

"Бишкекте жайгашкан объекттердин бири иш жүзүндө академияга тиешелүү болгон. Бирок укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтери (мамлекеттик акт, техникалык паспорт, тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоосу жок) болбогондуктан мыйзамдуу түрдө ээсиз деп табылгандыгы аныкталды.

УКМКнын көмөгү менен керектүү документтерди тариздөө жана алуу үчүн жерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери демилгеленди. Илимдер академиясына жалпы аянты 3,36 гектар болгон жер тилкесине менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан