Астанада жаш жигит кызга бычак сайып, андан кийин анын инисине дагы кол салды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кызга үйүндө кол салган адам, анын мурдагы жигити болушу мүмкүн. Батирден кыйкырыктар угулуп, андан кийин жигит бычак менен көчөгө чуркап чыгып, кыздын жаш инисине да бычак сайганы айтылат. Жаракат алган өспүрүм балдар аянтчасынан табылды. Окуя болгон жерден тартылган видео интернетке жарыяланган.
Астананын саламаттыкты сактоо башкармалыгы маалымдагандай, 2009-жылы туулган өспүрүм бычактан алган жаракаты менен Тез жардам хирургиясы бөлүмүнө жеткирилген. Жигит тирүү, бирок абалы оор. Кыз каза тапты.
"Окуя болгон жерден зомбулук менен өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылды. Ошондой эле анын жашы жете элек иниси да жабыркап, бычактан алган жаракат менен ооруканага жеткирилди. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат",- деп билдирет Астана шаардык полиция департаменти.
Шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.