ФИФА расизмге каршы жаңы эреже киргизди. Эми эгер оюн учурунда футболчу расизмге туш болсо, калыс (судья) колдорун көкүрөккө кайчылаштырып атайын белги бере алат. Эгер андай белги үч жолу кайталанса, анда калыс оюнду токтотууга укуктуу болот. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул эреже жакында болгон оюндарда колдонулушу мүмкүн эле. Анткени "Реал" командасынын оюнчусу Антонио Рюдигерге расисттик мамиле жасалганы айтылды. Башкы машыктыруучу Хаби Алонсо бул тууралуу журналисттерге айтып, жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Оюндун жыйынтыгы - "Реал" 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Бирок алар оюн башталганына 7 мүнөт болгондо эле бир оюнчусу кызыл айып кагазын алып, команда 10 киши менен ойноого аргасыз болду. Рюдигер оюнга 78-мүнөттө чыкты.
Бул оюн клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында өттү. Чемпиондук 15-июндан 14-июлга чейин АКШда өтүүдө. Жалпысынан 32 команда катышууда, алардын арасында "Реал", "Манчестер Сити" жана башка клубдар бар. Байге фонду - 1 миллиард доллар.
Буга чейин "Манчестер Сити" БАЭнин "Аль-Айн" командасын 6:0 эсебинде уткан.