Орусиянын президенти Владимир Путин Кремль сарайында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчини кабыл алып, Иранга карата жасалган чабуулдарды "эч кандай негизсиз агрессия" деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Орусия менен Иран ортосундагы мамиле ишенимдүү. Биз Иран элине жардам берүү үчүн аракет кылып жатабыз",- деди Путин.
"Иранга каршы жасалган чабуулдар - эч кандай жүйөсүз, жөн эле агрессия. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги позициябыз ачык белгилүү",- деп кошумчалады ал.
"Орусия - тарыхтын туура тарабында. Израил менен АКШнын Иранга карата жасаган аракеттери мыйзамсыз. Иран өзүн коргоого укуктуу. Бул аракеттерди айыптаганы үчүн орусиялык кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз",- деди Аракчи өз кезегинде.
Ал ошондой эле Иран менен Орусия биргеликте куруп жаткан Бушердеги атомдук станцияны эске салды.
"Орусия бизге жакшы келишимдерге жетүүгө жардам берди. Бирок азыр Израилден кийин АКШ дагы биздин объекттерге чабуул жасап, чыңалуу күн сайын өсүүдө",- деп кошумчалады Иран министри.