Ок-дарылары да бар... Рейдде Ленин райондук милициясы жарандардан 5 курал алды

Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында июнь айынын аралыгында "Арсенал" аттуу алдын алуу иш-чарасы өтүп жатат.
Райондук милиция ок атуучу курал ээлерин, курал сатуучу дүкөндөрдү жана күзөт агенттиктерин куралды сактоо эрежелеринин жана каттоо мөөнөттөрүнүн сакталышы боюнча текшерүүдө.
Бүгүнкү күндө жарандар тарабынан ыктыярдуу түрдө 5 даана травматикалык курал, 59 даана ок-дары жана 1 даана аңчылык мылтык укук коргоо кызматкерлерине тапшырылды. Милиция уруксаты жок курал алып жүргөндөр жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан