Социалдык тамактарда Бишкекте эки жигиттин урушуп жатканы тартылган видео тарады.
Маалыматка караганда, окуя 22-июнда темир жол бекетинин жанында болгон. Видеодон урушуп жаткандардын бири экинчисин тынчтандырууга аракет кылып, ал эми экинчиси колуна таш кармап, аны коркутуп жатканын көрүүгө болот.
Чыр-чатакты жолдон өтүп бара жаткандар токтоткон. Урушуп жаткандардын бири таш менен урган, бактыга жараша таш тийген эмес.
Бишкектин Биринчи Май райондук милиция факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын белгиледи.
"Учурда, окуянын катышуучуларын аныктоого багытталган бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.