Ташиев Баткендеги стадиондун курулушун сындап, жетекчилерди жемеледи (видео)

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 23-июнда Баткенге болгон иш сапарынын алкагында шаарда курулушу башталган стадионго барып, анда жасалган иштерге канааттанбаганын билдирди.

Ал өз сөзүндө 4 ай мурун акча бөлүнүп берилгени менен курулуш иштеринин жай жүрүп жаткандыгына эмне себеп экендигин түшүнө албай жаткандыгын билдирди. Ошондой эле курулушту көзөмөлдөөнү УКМКнын Баткендеги башкармалыгына тапшырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин сындады.

"4 айдан бери кылган ишиңер ушул. Башкача айтканда мени канааттандырбай жатат. Ушул кыймыл менен жүрө турган болсок убадаланган убакытка курулушун бүтүрүп жетишпей калабыз. Кургула деп мүмкунчүлүктү бердик. ӨКМдин техникалары көп деп аларга бердик. Кана эми кылганыңар? Эмне кылышым керек? Мен президентке аткардык же аткарбадык деп айтам. Эки эле сөз болот",- деп билдирди Ташиев.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүүгө 10 миллиард сом бөлүнсө, анын 1 миллиарды дал ушул 10 миң орундуу стадионго каралган. Жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Курулушка капсула ушул жылдын феваль айында салынды.

Ташиев стадиондун курулуш иштерин сындады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан