"Бакиевдер да түбүмө жете алган эмес, мен басмачымын",- деген жаран боюнча ИИМ билдирүү жасады.
Учурда бул жаран боюнча Бишкек шаарынын Свредлов райондук милициясы иш алып барууда.
"Окуяга тиешеси бар жаранды Тергөө кызматына жеткирүү боюнча иш-чаралар көрулүүдө. Бул факт жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынды. Кошумча маалымат берилет",- деп белгиленет маалыматта.
Буга чейин эки айдоочунун пикир келишпестиги боюнча интернет желесине видео тараган. Анда өзүн агрессивдүү алып жүргөн айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып, башка айдоочу менен чырдашкан.