Ошто милиция кызматкерине пара сунуштоого шектелген 29 жаштагы жигит 15 миң сом берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жатканда милиция кызматкерине маселени оң жагына чечүү үчүн пара сунуш кылган. ИИМ ага кылмыш иши бир жаранды бутка бычак менен сайганы үчүн козголгонун белгиледи.
Министрлик шектүүгө эми Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Учурда шектүү Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта.