Израилде Ирандын аткылоосунан 28 адам набыт болгонун Израилдин премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гэндельман билдирди.
"Операция башталгандан бери 28 адам каза тапса, 1 472 адам жарадар болду",- деп жазды ал 24-июнда Telegram каналында.
Анын айтымында, жабыркагандардын 15инин абалы оор, 58инин абалы орто. Ал эми калган 1 399 жаран жеңил жаракат алган.
13-июндан бери Иран Израилге 550дөй ракета жана 1000ден ашуун учкучсуз учактарды учурганы такталган.
23-июнда Гендельман каза болгондордун саны 25 адамга жеткенин кабарлаган болчу.
Айта кетсек, 24-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атышууну толук токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган.