Бишкектен “Алтын балалык” борборуна жайкы эс алууга балдардын экинчи тобу жөнөп кетти

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча президенттин программасынын алкагында Бишкектен “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо борборуна экинчи топ жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда мэрия билдирди.

Маалымдалгандай, Ысык-Көлдөгү эс алууга окуунун эң мыктылары, активисттер, окуу жылында мыктылыгын көрсөткөн окуучулардан 66, ал эми социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесинде турган 28 бала жиберилди.

Мэрия бул кадам балдарга бир гана күч-кубатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, мындан аркы өнүгүүсүнө жана жаңы жетишкендиктерине түрткү боло тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан