Чилидеги телескоп түнкү асмандан тартылган укмуштуу сүрөттөрдү көрсөттү (видео)

Чилидеги Вера Рубин обсерваториясында орнотулган телескоп түнкү асмандан тартылган алгачкы сүрөттөрүн көрсөттү. Анда миллиондогон жылдыздар, галактикалар тартылган.

Телескоп Серро-Пачон тоосунда жайгашкан. Анын курулушу АКШнын колдоосу менен он жылдан ашык убакытка созулган. Жабдуулар быйыл жазында ишке киргизилген.

Кадрлардын биринде Саманчынын жолундагы Трифид тумандуулугу жана Лагун тумандуулугу көрсөтүлгөн. Телескоп ошондой эле 2104 астероидин, анын ичинде эч кандай коркунуч туудурбаган Жерге жакын жети астероидди табууга жардам берген.

Астероиддердин сүрөттөрү кийинчерээк жарыяланат деп күтүлүүдө.

25.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан