"Нарындын жолдору Ташиев келет дегенде оңдоло баштады" деген видео тарады

"Эртең Ташиев Нарынга келет дегенде, жолчулар түнү менен иштеп жатышат" дейт социалдык тармактарга тараган видеонун автору.

"УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди эртең келет деп угуп жатканбыз. Ал келет дегенде түнү менен иштеп калышат. Түндө иштесе болот экен го. Техникалардын баарын тизип коюп иштеп жатышат",- деди автор.

Белгилей кетсек, атайын кызматтын жетекчиси бир нече облусту кыдырып, аткарылган иштерди көрүп жатат. Эл арасында Нарын каралбай калды деген сөздөр байма-бай айтылып, Ташиевдин келип кетишин билдирип жатышат.

25.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан