Акыркы эки жума ичинде, Иран менен Израилдин ортосундагы атышуу башталгандан бери, Иранда "Израил менен байланышта болгон" деп шектелген 700дөн ашуун адам камакка алынды. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышууда.
Өткөн жекшембиден бери беш адам өлүм жазасына тартылды, алардын үчөөсү бүгүн, 25-июнда дарга асылган. Иран бийлиги бул адамдарды «Моссаддын агенттери» деп атады.
Мындан тышкары жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү дагы эки адам — Мохаммад-Амин Махдави Шайстех жана Мажид Мосайби өлүм жазасына тартылган. Басылмалардын маалыматына ылайык, булардын бардыгы «Израил менен кызматташуу» айыбы менен айыпталып, атайын жабдууларды жашыруун алып өтүүгө, ал жабдуулар кийин жогорку даражалуу адамдарды өлтүрүүдө колдонулган деген негиз менен жазаланган.
Тегеран буга чейин да чет өлкөлүк чалгын кызматтарды, айрыкча «Моссад» менен байланышта болгон адамдарды камакка алуу жана өлүм жазасына тартуу тууралуу айтып келген.
Иран 13-июнда Израил анын ядролук объекттерине биринчи сокку ургандан кийин, «душман менен кызматташкан» адамдарга карата тез жана катуу сот жообу болот» деп убада берген.
Укук коргоо уюмдарынын, анын ичинде Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, Иран өлүм жазасын көп колдонгон өлкөлөрдүн арасында Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Болжол менен 700 адам жакын арада өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.