Бүгүн, 26-июнга караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Социалдык тармактагы баракчаларга тараган видеодо унаа экиге бөлүнүп калгандыгын байкоого болот. Кырсык Нарындагы Кара-Чий айылында орун алды.
Күбөлөр айдоочу мас абалында экендигин айтып жаткандыгын уга алабыз видеодон.
Кырсыктын себептери жана канча жаран жабыркагандыгы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.
Видео shtraf__kg баракчасынан алынды.