АКШда өтүп жаткан клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда "Интер" жана "Ривер Плейт" футбол клубдарынын беттеши жаңжал менен аяктап, ага дээрлик бардык оюнчулар катышканын чет элдик басылмалар жазышты.
Бүгүн, 26-июнда өткөн "Е" тайпасынын 3-турунда италиялык "Интер" клубу 2:0 эсебинде жеңишке жетти. 72-мүнөттө 19 жаштагы Франческо Эспозито эсепти ачса, кошумча убакытта Алессандро Бастони экинчи голду киргизди.
Беттештин акыркы мүнөттөрүндө "Ривердин" коргоочусу Маркос Акунья "Интердин" оюнчусу Дензел Думфрис менен бир нече жолу кагылышып, калыстар аларды ажыратууга аракет кылышкан. Бирок оюн аяктагандан кийин эки тараптын оюнчулары массалык кагылышууга барышкан.
"Интер" тайпалык баскычты жети упай менен биринчи орунда аяктап, 1/8 финалга өттү. Ал эми "Ривер Плейт" үчүнчү орунду ээлеп, турнирге катышуусун аяктады.