Нидерланд ханышасы Максима Черрути НАТОнун Гаагадагы саммитинде АКШнын президенти Донльд Трампты туураганы кызуу талкуу жаратууда.
Интернет желесине тараган видеодон Максима Черрути Ак үйдүн башчысынын эриндеринин жана тилинин кыймылына карап, так ошондой кылганын көрүүгө болот.
Айта кетсек, НАТОнун саммити Нидерланддагы Гаага шаарында өттү. Анда Черрути жолдошу, Нидерланд падышасы Виллем Александр менен бирге жогорку даражалуу конокторду кабыл алган.