Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынан 4870 киши жарадар болуп, 627 киши каза болду. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Хоссейн Керманпур билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп каза болгондор Тегеранда. Керманшах менен Хорасанда да көптөр каза болгону айтылат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун жалпы санынын 13,9 пайызы ооруканада көз жумган. Калгандары окуя болгон жерден жан беришкен.
Буга чейин Израилде Иран чабуулдарынан 28 адам набыт болгону жана 1472 адам жаракат алганы кабарланган эле.