Банк секторунун жаңы лидери: Элдик Банк уставдык капиталын 60 миллиард сомго көбөйттү

Элдик Банк уставдык капиталын 60 миллиард сомго көбөйтүү боюнча процедураны ийгиликтүү аяктады. Натыйжада, Банктың жалпы уставдык капиталы 74 миллиард 828 миллион сомго жетип, бул окуя Элдик Банк үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргыз Республикасынын каржы системасы үчүн тарыхый учурга айланды. Бул жөн эле сан эмес — бул ишенимдин, туруктуулуктун жана стратегиялык максаттардын белгиси.

Капиталды көбөйтүү Элдик Банктын универсалдуу мамлекеттик банк катары позициясын дагы бекемдеп, кредиттик жана инвестициялык активдүүлүктү кеңейтүүгө, инфраструктуралык жана тармактык долбоорлорду өнүктүрүүгө, жарандар жана ишкерлер үчүн финансыга жеткиликтүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт.

Өнүгүүнүн жаңы этабында Элдик Банк заманбап жана натыйжалуу каржылык инфраструктураны түптөө үчүн бекем пайдубалды түзүп жатат. Бул инфраструктура Кыргызстандын экономикалык системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланмакчы.

Банк өзүнө чоң стратегиялык миссияны алууда — өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн локомотиви болуу, жарандар жана бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш болуу жана финансылык туруктуулуктун кепилдиги болуу. Мүмкүнчүлүктөрүн масштабдап, Элдик Банк финансыга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө, инновациялык чечимдерди киргизүүдө жана артыкчылыктуу тармактарды колдоону күчөтүүдө.

«Эми биз ири инфраструктуралык, өнөр жай жана санариптик долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк алабыз. Бул багыттардын өнүгүшү Президент тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын максаттарына жетүүгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиледи Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Ногаев Уланбек.

Узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын алкагында Элдик Банк эл аралык капиталдык рынокторго чыгуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана дүйнөлүк эсептешүү жана инвестициялык институттар менен кызматташууну бекемдөө пландарын ишке ашырууда. Бул демилгелер банк үчүн эле эмес, Кыргызстандын каржы системасы үчүн да жаңы горизонтторду ачат.

Банк өз кардарларына, өнөктөштөрүнө жана мамлекетке көрсөткөн ишеним, колдоо жана биргелешкен жол үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Уставдык капиталды көбөйтүү — бул эртеңки күнгө, күчтүү, көзкарандысыз жана туруктуу экономикасы бар мамлекетке болгон инвестиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан