Ирандын Израилге жасаган соккусунан келтирилген зыян 3 миллиард доллар деп бааланууда

Израил Иран менен 12 күндүк жаңжалдан келтирилген зыянды 10 миллиард шекелге, башкача айтканда, 3 миллиард долларга жакын деп баалады. Бул каражат ракеталардан жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү жана жергиликтүү ишкерлерге компенсация төлөө үчүн керектелет.

Бул тууралуу Израилдин Каржы министрлиги менен Салык кызматына шилтеме берүү менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

"Бул биз туш болгон эң олуттуу көйгөй. Израилдин тарыхында мындай масштабдагы кыйроо эч качан болгон эмес",- деди Салык кызматынын башчысы Шай Ахаронович.

Сметада колдонулган курал-жарактардын жана абадан коргонуу системдерин алмаштырууга кеткен чыгымдар камтылган эмес, андыктан келтирилген зыяндын акыркы суммасы кыйла жогору болушу мүмкүн. Каржы министри Безалел Смотрих согуштун жалпы чыгымы 12 миллиард долларга жетиши мүмкүн экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан