Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады.
Буга чейинки облусту жетектеп келген Алтынбек Эргешов кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болгон.
Айта кетсек, Нурбек Сатаров былтыр март айында ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемеси менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулган.