Биринчи май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 1-июлдан 30-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Соттун чечимине ылайык, Биринчи май районунун аймагында жыйын, митинг жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө толук тыюу салынат.

Бул тыюуларга мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар кирбейт. Аларды "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө уруксат берилет.

Ал эми башка бардык митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө уруксат берилген жалгыз жай — Рыскулов көчөсүндө жайгашкан М. Горький атындагы сквер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан