Индиянын түштүгүндөгү Телангана штатында химиялык заводдо болгон жарылуудан кеминде 10 жумушчу каза болуп, 20 адам жаракат алды.
Press Trust of India агенттиги окуя Пашамиларам шаарындагы Sigachi Industries заводунда болгонун билдирди. Жардыруу болгон цехтин урандыларынын астында калышы мүмкүн болгон адамдарды издөө иштери жүрүүдө. Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн.