Түркияда токой өртүнөн улам 50 миңден ашуун адам эвакуацияланды (видео)

Түркияда чоң масштабдагы токой өртүнөн улам өлкөнүн үч провинциясында 50 миңден ашуун жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди.

"Измир, Билежик жана Хатайдагы токой өрттөрүнөн улам 50 миңден ашуун жаран коопсуз аймактарга убактылуу эвакуацияланды", - деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.

Министр Билежик жана Измир провинцияларында 200гө жакын турак жай өрттөн жабыркаганын белгиледи.

Буга чейин Измирде чоң токой өрттөнүп, бир нече конуштардын тургундары эвакуацияланып жатканы маалым болгон.

30.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан