Москвада актёр Вадим Демчогдун уулу Вильям Демчог ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катышкан деген айып менен эки жылга эркинен ажыратылганын орус басылмалары жазышты.
Окуя 2024-жылдын февраль айында болгон. Кылмышкерлер тобу мессенджерлер жана телефон чалуулар аркылуу 82 жаштагы пенсионерди анын банк эсептери коркунучта экенине ынандырышкан. Ал болсо акчасын алдамчыларга которууга макул болгон. Вильям Демчог пенсионер которгон 490 миң рублду алгандан кийин ал акчаны накталай кылып, шериктерине өткөрүп берген.
Жалпысынан тергөөнүн маалыматы боюнча, топ улгайган жарандардан 1,8 миллион рублдан ашык суммадагы каражатты алдап алышкан.
Сот отурумунда Демчог күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берген. Соттолгон жигиттин атасы Вадим Демчог "Интерндер" телесериалындагы ролу менен таанымал.