27-июнда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Жаңы дайындалган жетекчи 29-июнда эмгек жамаатка тааныштырылган.
Сатаровдун өмүр баяны:
Нурбек Сатаров 1984-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн.
2006-жылы Нарын мамлекеттик университетинин инженердик багытын аяктаган. 2019-жылы президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын Менеджмент адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу
- 2007-жылы Нарын облустук стандартташтыруу борборунда инженер болуп баштаган.
- 2010-2013-жылдары Нарын облусунун мамлекеттик администрациясында социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
- 2013-2020-жылдары Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында бөлүм башчысы кызматын аркалаган.
- 2020-2021-жылдары Ат-Башы районунун акими, кийин Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган.
- 2022-2023-жылдары Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болгон.
- 2023-жылы Нарын облусундагы өкүлдүн аппаратында бөлүм башчы, башкармалыктын начальниги, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматтарын аркалаган.
- 2024-жылдын март айынан тартып Президенттик администрацияда эмгектенген.