Индиянын Телангана штатындагы фармацевтикалык заводдо болгон күчтүү жарылуудан аз дегенде 36 адам каза тапты. Бул тууралуу Hindustan Times агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 30-июнда Sigachi Industries компаниясына таандык заводдо болгон. Ал күнү 10 жумушчу каза тапканы айтылган эле. Жарылуу куруучу жабдуулардан чыгып, андан соң ири өрт башталган.
"Жарылуу ушунчалык күчтүү болгондуктан, айрым жумушчуларды 100 метрге чейин ыргыткан",- деп билдиришти полиция кызматкерлери.
Күбөлөрдүн айтымында, жарылуу учурунда заводдун аймагында 90го жакын адам болгон. Куткаруу иштери түнү менен уланган. Эртең мененки маалыматтарда каза болгондордун саны 36 адамга жеткен, айрымдары болсо дайынсыз болууда.
Телангана штатынын өкмөтү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга компенсация берүү маселесин көзөмөлгө алууда. Sigachi Industries Ltd компаниясы ар бир үй-бүлөгө 1 крор төлөп берет. Өкмөт да дагы 1 крор берет, жалпысынан ар бир үй-бүлө 2 крор рупий компенсация алат.
Өкмөт жабыркагандарды дарылоонун чыгымдарын завод жетекчилиги менен биргеликте өзүнө алат.